БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Япониядагы круиздик лайнерде коронавирус жуктурду делген кыргызстандык боюнча маалымат берди.
Буга чейин ЖМКлар Японияда кармалып турган Diamond Princess лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар экенин жазган.
Билдирмеге караганда, КРдин Япониядагы элчилиги мекендеш менен 6-февралдан бери тыгыз байланышта.
"Япониянын компеттенттүү органдарынын маалыматына ылайык, мекендешибиздин жанындагы каютада жаткан адамдан коронавирус табылгандыктан, ага да жугушу мүмкүн деген шек жаралган. Деген менен КР жаранынын абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн эмес, медициналык дарылоого муктаж болгон жок. Ал медиктердин көзөмөлүндө турат. Өзү менен сүйлөшкөндө дагы абалы жакшы экенин айтты", — деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле Япониядан мекенине кайтууга ниеттенген жарандар элчиликке кайрылбаганы айтылат. Элчилик Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги жана ТИМи менен тынбай байланышта иштөөдө.
Соңку маалыматтар боюнча, лайнердин ичинде 3 400 адам болгон, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 450гө жеткени айтылат.