Калыстын видеосу YouTube-каналга жүктөлгөн.
Беттеш учурунда Камбоджа өкүлү Со Соваратхана атаандашы Неймар Паеминбурини нокаут менен жеңген. Рефери Ситтичай Инеяд муштум жеген боксер чалкасынан жыгылып баратканда башы жерге урулбасын деген тейде бир колу менен анын желке жагын тосуп, кошо кулаган.
Мындан улам спортчу олуттуу жаракат албай, ал рингде эле эсине келген.