Мамкаттоо кызматына 34 жаштагы жетекчи дайындалды

Буга чейин Акын Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы болуп Акынбек Мамбеталиев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

Мамкаттоо кызматына 34 жаштагы жетекчи дайындалды

Документке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Билдирмеге ылайык, жаңы дайындалган жетекчи 34 жашта.

Мамбеталиев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин жалпы маселелер боюнча орун басары болуп иштеген.

"Унаанын" директору Козубаев кызматтан алынабы? Абылгазиевдин жообу видеодо
Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алмаз Мамбетов өкмөт башчынын буйругу менен кызматынан бошотулган.

Жакында эле ведомствонун алдындагы "Унаа" ишканасына байланыштуу чуу чыккан. Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу жыйын өткөрүп, "Унаа" мекемесинин ишмердүүлүгүн караган. Жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгында, мекеменин коррупцияны жоюу боюнча иш-аракети канааттандырарлык эмес деп табылып, өкмөткө жетекчиси Алымжан Козубаевди иштен алуу сунушталган.

Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматын жетектей баштаганына бир жыл боло элек болчу. Ал 2019-жылдын апрель айында мурдагы жетекчиси Алина Шаикова өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан кеткенден кийин башчы болуп дайындалган.