БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Мырзабек Жыпаркулов Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге Мамэкотехинспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну сунуштаган. Ал 31-январда Абылгазиевдин буйругу менен иштен бошотулган.