Кыргызстанга акча которуулар 280 млн. долларга кыскарды

Улуттук банк былтыр чет өлкөдөн которулган каражат тууралуу акыркы маалыматын жарыялады. Ал жеке адамдардын атайын система аркылуу акча которууларына гана тийиштүү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстанга акча которуунун көлөмү 278,4 миллион долларга кыскарганын Улуттук банк кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бул маалымат жеке адамдардын атайын система аркылуу акча которууларына гана тийиштүү.

Былтыр бул сумма 2 миллиард 406,9 миллион долларды түзгөн. 2018-жылы өлкөгө 2 миллиард 685,3 миллион сом которулган.

Бул көрсөткүч 2005-жылдан берки эсепте үчүнчү саптагы көрсөткүч. Рекорд 2018-жылы катталган. 2017-жылы да өлкөгө сырттан акча которуу көп болуп, анын суммасы 2 миллиард 482,4 миллион долларды түзгөн.