БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Азат Салидинов Индияда өтүп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын финалында жергиликтүү спортчу Кумар Сунилге утулуп, алтын байгеден куру калды. Кармаш UWW сайтынын түз эфиринде көрсөтүлдү.
Мелдеш ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. Бүгүн, 18-февралда, башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат.
Салидинов килем бетинде 87 килограмм салмакта күчүн сынады. Квалификациялык кармашта тажикстандык Сухроб Абдулхаевди 4:2 эсебинде, 1/4 финалда ирактык Аббас Шааланды Абдулкадхим 9:0 эсеби менен жеңген. Ал эми жарым финалда Салидинов ирандык Бехруз Мохаммадали Хедаятка утулуп бараткан, бирок акыркы секунддарда атаандашы жаракатына байланыштуу кармашуудан баш тарткандыгы үчүн жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылган. Ал эми финалда жергиликтүү спортчуга утулуп, күмүш алмай болду.
Азат Салидинов Кыргызстандын учурдагы чемпиону болуп саналат.
Ошондой эле чемпионаттын бүгүнкү бөлүгүндө кыргызстандык балбандар Ильяз Ренат уулу (77 кг.) менен Роман Ким (130 кг.) коло байгеге ээ болушту.