БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылындагы Сагындык атындагы орто мектеп күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматта мектептин жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метр экени айтылууда. Кырсык тууралуу маалымат 17-февраль күнү саат 23.53тө түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр үч мүнөттөн кийин окуя болгон жерге чыгып кетишкен. Бирок ӨКМдин айтканы боюнча, жолго кар көчкү түшүп, 120 чакырымдык аралыкты 2,5 тонна суусу бар машина жети сааттай убакытта басып өткөн. Жалын эртең мененки саат 7.45те чектөөгө алынып, он мүнөттөн кийин толук өчүрүлгөн.
Министрликтен өрттөн эч ким жабыркабаганын белгилешти. Кырсыктын себеби жана келтирилген зыян такталып жатат.