Кыргызстан Кытайга 7 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Гуманитардык жардам катары даярдалган жүктүн ичинде дезинфекциялоочу каражат, бир жолу колдонмо халат жана бет каптар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстан Кытайга 7 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, гуманитардык жардам катары даярдалган жүктүн ичинде дезинфекциялоочу каражат, бир жолу колдонмо халат жана бет каптар бар.

"Кытайдын коронавирус менен күрөшүп жаткан аракеттерин колдоо максатында жети тонна жүк жөнөтүлдү. ӨКМ кызматкерлери гуманитардык жардамды Кыргызстандын Кытай менен чектешкен жерине, тагыраагы, "Торугарт" өткөрмө пунктуна жеткирип беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова коңшулар жардам сурап көптөгөн мамлекеттерге кайрылуу жибергенин айткан. Мындай өтүнүч кат Кыргызстанга да келген.