Сулуу болом деп... Алматылык аял пластикалык операциядан чыкпай калды

Окуя Каскелен шаарындагы жеке клиникалардын биринде болгон. Буга чейин аял ал ооруканага кайрылып жүргөндүктөн, дарыгерлерине толук ишенген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Алматылык 59 жаштагы аял бетин тарттыруу максатында жасаткан пластикалык операциядан кийин каза болуп калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Окуя Каскелен шаарындагы жеке клиникалардын биринде болгон. Буга чейин аял ал ооруканага кайрылып жүргөндүктөн, дарыгерлерине толук ишенген.

"Анткен менен ден соолугу анча жакшы болбогондуктан, балдары операциядан баш тартуусун суранышкан. Бирок аял тобокелдикке салып, сулуулукту тандаган. Тилекке каршы, операция учурунда комага түшүп, андан соң жүрөгү токтоп калган", — деп айтылат макалада.

Операциядан соң эсине келген жигит акылынан айнып... Хирургдун баяны
Кийин полициянын териштирүүсү учурунда ар кайсы жери ооруп жүргөн аялдан тиешелүү анализдерди албай туруп операция жасалганы белгилүү болду. Ошондой эле операцияны жасаган хирургдун жана клиниканын мындай ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берген кагаздары жок болуп чыкты.

Мындан улам "Кесиптик милдетти туура эмес аткаруудан улам адам өмүрүнүн кыйылышы" деген беренеге ылайык кылмыш иши козголду. Аны Карасай райондук прокуратурасы карап жатат.