Радио

Бекматов: 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүүгө 56 млн. сом бөлүндү

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов ушул жылдын 12-апрелинде 30 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтө турганын айтты.
Sputnik
Бекматов: 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүүгө 56 млн. сом бөлүндү

Мыйзамга ылайык, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ушул жылдын 12-апрелинде беш шаар, 25 айылдык кеңешке шайлоо болот. Анын даярдык көрүү жана өткөрүү иштерине 56 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүү, даярдоо боюнча календарлык иш планын бекитти.

"Президенттин указына ылайык, 2020-жылдын 12-апрелинде 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өтөт. Ага бюджеттен 56 миллион сом бөлүндү. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Аймактык шайлоо комиссиясынын курамы, шайлоо өтүүчү тилкелердин схемалары, чек аралары бекитилди. Азыр шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери жүрүп жатат. Аягына чыккан соң тизме илинет, жарандар ал жерде өзүнүн бар же жок экендигин карап коюусу зарыл. Эгер тизмеде жок болуп калса, барып убара болбой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын 119 кыска номерине байланышып билип алса болот", — деди Бекматов.

Ал жарандарды тактоо иштерин шайлоо башталганга 15 күн калганга чейин жасашы керектигин, андан кечиксе добуш берүү укугунан ажыратыларын кошумчалады.