БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Прокурорлордун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгын кароо менен 30дан ашык кызматкер мыйзам бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылды.
Аталган буйрукка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кол койгон.
Натыйжада облустар менен Бишкек жана Ош шаарларындагы 24 прокурорго сөгүш берилди. Мындан тышкары, прокуратуранын төрт кызматкери мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эскертүү алып, дагы жети кишиге сын айтылган. Ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районунун прокурору кызматынан төмөндөгөн.
Бул чечим көзөмөл органдарынын ишин жакшыртуу үчүн коллегия тарабынан сунушталганы айтылды.