БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Lux Fight League 008 мелдешинде мексикалык Даниэль Вега менен Антонио Маркес бир учурда бири-бирин нокдаунга кетиришти. Бул тууралуу RT маалымдады.
Видео турнирдин Twitter-аккаунтуна жарыяланган.
Бул эпизод биринчи раунддун ортосунда болгон. Нокдаундан кийин спортчулар дароо тура калып, беттешти улантып кетишкен.
Мелдеште Вега кайруу ыкмасы менен жеңишке жеткен. Бул анын карьерасындагы 11-жеңиши. Спортчу каршылаштарына эки жолу утулган.
Ал эми Маркес биринчи жолу жеңилди. Ага чейин ал төрт жолу удаа жеңишке жеткен.