Белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулованын сөөгү жерге берилди

Жакындарынын айтымында, маркум көптөн бери ооруп жүргөн. 45 жашында дүйнө салган Кожокулованын бир уул, бир кызы калды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулованын сөөгү Орто-Сай айылында жерге берилди.

Эскерте кетсек, Кожокулова 16-февраль күнү эртең менен каза болгон. Жакындарынын айтымында, ал көптөн бери ооруп жүргөн. Журналист көп жыл бою мамлекеттик телеканалдарда иштеп келген.

Маркумдун тажиясы Бишкектин 11-кичи районундагы үйүндө өттү.

45 жашында дүйнө салган Кожокулованын бир уул, бир кызы калды.