NASA бийиктиктен тартылган күмүш түстүү булуттун сүрөтүн жарыялады

Күмүш түстүү булут Жердин мезосферасында пайда болот. Сүрөт Тынч океандын түштүк тарабынан 433 чакырым бийиктиктен тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. NASA космостук уюму Instagram баракчасына күмүш түстүү булуттун орбитадан тартылган сүрөтүн жарыялады. Агенттиктин өкүлдөрү комментарийге "космостун четиндеги ачык кат (открытка)" деп жазышкан.

"Күмүш түстүү булутту батып бараткан күндүн нуруна чагылышкан кезде гана көрүүгө болот", — дешти NASA адистери.

Агенттиктен белгилешкендей, сүрөт Тынч океандын түштүк тарабынан 433 чакырым бийиктиктен тартылган. Маалыматка караганда, күмүш түстүү булуттар Жер планетасындагы атмосферадан бийик жайгашкан.