Москвада пирожное жеп жарышуу сынагында 23 жаштагы кыз каза тапты

Конкурска катышкандар таттуу токочту аз убакытта жеп бүтүшү керек болчу. Анда күчүн сынаган кыз конкурстан кийин курбусу менен сүйлөшүп отурган. Бир убакта өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Москвада пирожное жеп жарышуу боюнча сынакка катышкан 23 жаштагы кыз ден соолугу начарлап каза тапты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Өзбек ашпозчулары Москвада 797 кг лагман жасап рекорд жаратты. Видео
Окуя 15-февралда Killfish барында болгон. Сынакка катышкандар таттуу токочту аз убакытта жеп бүтүшү керек болчу. Анда күчүн сынаган кыз конкурстан кийин курбусу менен сүйлөшүп отурган. Бир убакта өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.

Жанында тургандар аны жасалма дем алдырып, Тез жардам кызматын чакырышкан. Медиктер кыз каза тапканын аныктап, бирок өлүмүнө эмне себеп болгону азыркыга чейин так айтыла элек.