Радио

Маматов: 20 миңдей окуучу мектепке электрондук каттоо менен кирди

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат менен камсыздоо секторунун башчысы Расул Маматов Бишкекте сынамык иретинде киргизилген мектепке электрондук жазылуу системасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн айтты.
Sputnik
Маматов: 20 миңдей окуучу мектепке электрондук каттоо менен кирди

Бир катар шаарларда 2020-2021-окуу жылына балдарды кабыл алуу электрондук каттоо системасы аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Расул Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган система менен борбор калаада 2019-2020-окуу жылында 20 миңден ашуун окуучу кабыл алынган.

"Акылдуу мектеп" долбоорунун компоненттеринин бири  — бул мектепке электрондук жазылуу системасы. Ал 2019-жылы Бишкектеги муниципалдык жана мамлекеттик мектептерге сынамык иретинде киргизилген. Анын биринчи кезекте ата-энелерге пайда алып келерин коомчулук да байкады. Эми 2020-2021-окуу жылында бул система Ош, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларында иштеп баштайт. Электрондук жазылуунун эң бир чоң жетишкендиги билим берүү мекемелериндеги коррупцияны токтотот", — деди Маматов.

Ошондой эле ал аталган долбоордун алкагында китептердин маалыматтык системасы түзүлүп, сынамык иретинде иштеп баштаганын кошумчалады.