Кумтөрдө экскаватору менен көлгө кулаган айдоочунун сөөгү жерге берилди

Кенде иштеп жаткан экскаватор мөңгүдөн жылып кетип, көлгө кулаган. Айдоочунун сөөгү бир күндөн кийин табылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кумтөр кенинде экскаватору менен кошо "Көк булуң" ("Голубой залив") көлүнө кулаган айдоочунун сөөгү жерге берилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысы билдирди.

Маркумдун артында эки уул, бир кызы калды. Туугандарынын айтымында, ал Кумтөр кенинде көп жылдан бери иштеп жүргөн.

Кумтөрдөгү кырсык: жоголгон киши, жөнөп кеткен суучулдар. Окуянын чоо-жайы
Эскерте кетсек, окуя 15-февраль күнү саат 18.00дөр чамасында болгон. Кырсыктаган 54 жаштагы айдоочу "Кумтөр" компаниясынын кызматкери, Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын жашоочусу. Ал экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, көлгө кулаган. Бир күндөн кийин куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгышкан.

Бул "Кумтөр Голд компани" ишканасындагы акыркы мезгилдеги экинчи кырсык. Өткөн жылдын 1-декабрында Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, эки жумушчу дайынсыз жок болгон. Издөө иштери натыйжа бербегендиктен, 40 күндөн кийин ошол жерде жаназасы окулган.