БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкекте жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөгөн айдоочулардын автоунаасын атайын токтотмо жайга алып кете башташты. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан билдиришти.
Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору өткөн дем алышта жол эрежеси бузулган 4 122 учурду катташкан. Айып пулу төлөнбөгөн 20 автоунаа атайын токтотмо жайга киргизилген.
Мындан тышкары, 80 машинанын айдоочусу мас болгону үчүн, 26 автокөлүк тонировкасына байланыштуу жана дагы 171 унаа башка себептер менен айып короого токтотулган.
ЖКККББдан белгилешкендей, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып бир айдын ичинде төлөнүшү керек. Эгер эреже сакталбаса, аталган кызмат унааларды атайын токтотмо жайга алып кете алат.