Бишкектеги Абдумомунов атындагы драма театры ремонттолуп жатат. Сүрөт

Учурда жүрүп жаткан ремонт иштери былтыркы жылдын аягында башталган. Белгиленген планга ылайык, театр 2020-жылдын ичинде толук оңдоодон өтүп, көрүүчүлөргө өз эшигин ачары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, театрдын жетекчиси Асылбек Өзүбеков министр Азамат Жаманкуловду театрдын ремонт иштери менен тааныштырган.

Учурда театрдын имаратынын эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылып, жылуулук берүү системалары орнотулуп жаткандыгы айтылды.

Аталган маданий жай 1926-жылы негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген. Учурда жүрүп жаткан ремонт иштери былтыркы жылдын аягында башталган. Белгиленген планга ылайык, театр 2020-жылдын ичинде толук оңдоодон өтүп, көрүүчүлөргө өз эшигин ачмакчы.