Бирөөнүн телефонун шыкаалаба! Кезек күтүү этикети

Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.
Sputnik

Кезек күтүү — бул адамдын жашоосунда ажыратып алгыс бир бөлүк. Ар бирибиз күн сайын же маал-маалы менен банкта, ооруканада, дүкөндө, ашканада кезекте турабыз.

Бирок бул учур дайым эле жагымдуу боло бербейт. Шашкандар, башкалардан озунуп кирип кетүүгө аракет кылгандар четтен чыгат.

Этикет мугалими Нуржан Исмаилова ар кандай жагымсыз учурлардын алдын алуу үчүн кезек күтүүнүн бир нече эрежесин айтып берди.

Аралыкты сакта

Жетекчиликке жамандап барба. Кесиптештер ортосундагы этикет
Албетте, бардык кезек күткөн жерлерде эле шарт туура келе бербейт, бирок мүмкүнчүлүк болсо жаныңдагы бөтөн кишилер менен кандайдар бир аралыкты сактап турууга аракет кылыңыз. Мисалы, дүкөндө же кандайдыр бир иш-чарага кирүү үчүн кезекте сиз алды-артыңыздагы кишилерден кол сунум жерде турганыңыз жакшы. Ал эми оорукана, банкомат сыяктууларда бир метрден алысыраак турган оң. Мунун ар кандай себептери бар. Ооруп, жаны кейип турган адам бейтааныш адамдын жабышып турганын жактырбашы мүмкүн. Же акча алганы жаткан киши банктык картасынын номерин жана башка маалыматтарды жат кишиге көрсөткүсү келбейт.

Бирөөнүн башын аттаба

Башкалардын кызыкчылыгына "чыйт" түкүрүп жашап көнүп калгандар жок эмес. Мисалы, андай адамдар дарыгерди 10 киши зарыгып күтүп турганына карабай, тааныш-билиш салып кезексиз кирип кетишет. Өзүңүз деле элестетип көрсөңүз, сиз эки сааттан бери күтүп, бутуңуз талып турса, азыр эле келген бирөө эч тоскоолдуксуз кирип кетсе, кандай абалда каласыз? Мындай "өзгөчө" жандар ал жерге тургандардан жакшы сөз укпаса керек.

"Сурап эле чыгам..."

Кезекте күтүп турганда сөзсүз ушундай адамдарды көрөсүң. Чындап эле сиздин сурооңуз эшик артындагы адистин бир нече секундун гана алышы мүмкүн. Бирок бул нерсе кезектегилердин кыжырын келтирбей койбойт.

Жомок айтышпа

Негизи эле коомдук жайда, өзгөчө бейтааныш кишилер чогулган жерде зарылдык болбогон учурда унчукпай эле турган жакшы. Ишенип коюңуз, айланадагыларга сиздин же сиз сөз кылып жаткан адамдардын жеке турмушу, көйгөйлөрү кызыктуу эмес.

Көз салба

Кезекте турганда жаныңыздагы адамдын колундагы документтерин же телефонунун экранын теше тиктебеңиз. Мындай нерсе эч кимге жакпайт.

Келе элек адамга орун ээлебе

Албетте, жакыныбыздын иши эрте бүтүп калсын деп баарыбыз эле жан үрөйбүз. Бирок көп киши чогулуп калган жерде учурда жок адам үчүн эле орун ээлеп тура берүү жат көрүнүш. Башкалардын убактысы дагы өзү үчүн өтө кымбат экенин унутпаңыз.