Ат жалындагы кыздар, улак тарткан эрендер. Ат-Башыдагы оюндардан 16 сүрөт

Sputnik

Көк бөрү мелдешине Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээси Казыбек айылынан түзүлгөн жети команда катышты. Финалда Жумгал районунун командасы Ак-Талаанын улакчылары менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми Кочкор районунун көк бөрүчүлөрү 3:2 эсебинде Казыбек айылынын командасын утуп, 3-орунду алды.

Ат оюндарынын кызыгына баткан кыз-жигиттер. Ат-Башыда өткөн мелдештин видеосу
Натыйжада баш байгеге Lada 2109 үлгүсүндөгү автоунаа, экинчи орунга тай, үчүнчүгө 10 миң сом ыйгарылды.

Аталган спорттук иш-чара Казыбек айылынын тургундарынын демилгеси менен уюшулган.

Жакында эле Ат оюндары федерациясы түзүлүп, ага эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөрү кирген. Алардын оюну да ушул жерде өтүп, тушоосу кесилди.

Мындан сырткары, бүркүт салуу, тайган агытуу жана жаа атуу боюнча салбуурун да өттү. Катышуучуларга медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.

1 / 16
Кыз куумайда жигитке жеткирбей чаң ызгыта чаап бараткан белгилүү каскадер Диана Ашырбаева
2 / 16
Кыз куумайдын эрежеси боюнча, эгер кыз жигиттин артынан кууп жетип алса, дал ушинтип камчы менен урат
3 / 16
Ат жалында ойногон жигиттер эл алдында өнөрүн тартуулашты
4 / 16
Улуттук оюндардын бири - тыйын эңмей. Эреже боюнча атты чаап баратып жердеги тыйынды эңип алуу керек
5 / 16
Жакында эле Ат оюндары федерациясы түзүлүп, ага эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөрү кирген.
6 / 16
Каскадерлор эң опурталдуу оюндарды да көрсөтүп Ат-Башынын тургундарын таң калтырышты
7 / 16
Ат жалында ойногон Диана Ашырбаева дээрлик беш жылдан бери улуттук ат оюндарын көркүнө чыгарып келет
8 / 16
Ак кар баскан тоонун этегинде Кыргызстандын желегин желбиретип ат чаап бараткан жигиттер
9 / 16
Улуттук оюндарды көк бөрүсүз элестетүү кыйын. Бул спорттук иш-чарада дагы улакчылар бүйүр кызыткан оюн көргөзүштү.
10 / 16
Мелдешке Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээси Казыбек айылынан түзүлгөн жети команда катышты
11 / 16
Улакты жаңы эле жерден эңип тай казанды көздөй бараткан көк бөрүчү
12 / 16
Көк бөрүнүн баш байгесине Lada 2109 үлгүсүндөгү автоунаа, экинчи орунга тай, үчүнчүгө 10 миң сом ыйгарылды
13 / 16
Улак талашкан эрендер атын башкара албай, көрүп жаткан эл тарапка кирип кеткен учурлар да болду
14 / 16
Улакты тай казанга алып келип ыргытуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ага да чоң чеберчилик талап кылынат.
15 / 16
Финалда Жумгал районунун командасы Ак-Талаанын улакчылары менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип алды
16 / 16
Оюндар Ат-Башы районунун Казыбек айылында өттү.