БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кытайдын Ухань шаарынын жетекчилиги 14-февралдан тарта жергиликтүү тургундарга өзү жашаган аймактан чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу жергиликтүү органдарга шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
Мындан ары бир кичи райондон экинчисине баргысы келген кишилер атайын көзөмөл пункту аркылуу гана өтө алат. Ал үчүн жаран документин көрсөтүп жана эмнеге баратканын түшүндүрүшү керек. Эгер өткөрүү пунктундагы кызматкер жүйөөнү анча олуттуу эмес деп тапса, аймактан чыгарбай коёт. Мындан тышкары, ал пункттарда жарандардын дене табын текшерип, каттоого алчу адистер да турат.
Эске салсак, кечээ Кытайда бир түн ичинде 14 миң адам коронавируска кабылганы айтылган.
Коронавирус тууралуу
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, бул эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыяланган.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда вирус жуктургандардын саны 66 492 киши болду. Алардын ичинен 1523ү каза таап, 8096 адам сакайып кетти.