Жан деген кандай таттуу. Шумкарлар менен өрдөктүн суудагы окуясынын видеосу

Йеллоустондогу улуттук паркта турист жалгыз кичинекей өрдөктүн үч жырткыч канаттууну суй жыгылткан видеосун тартып алган.
Sputnik

Көптөрдүн чыдамын кетирген бул учур YouTube каналына жарыяланган.

Шумкарлардын үй-бүлөсүнүн укмуш окуясы. Видео
Кадрдан алгач эки шумкардын шар аккан сууда кичинекей канаттууну кармай албай убара болуп жатканын көрүүгө болот. Бир аздан кийин аларга дагы бир бүркүт кошулат.

Жырткыч канаттуулардын бири орточо чоңдукта аккан сууга акыры түшкөнгө туура келген. Бирок анын курч тумшугуна олжо илинген эмес.

Шумкар улам жүткүнүп, аны чапчыганга аракет кылган сайын жанын ала качкан өрдөк улам сууга чумкуп, бир нече ирмемден кийин кайра чыга калып жатканы тартылып калган.

Өмүр менен өлүм маңдайлаша келген бул ролик табияттын алдуу алсызды жем кылат деген мыйзамын таамай көрсөткөн.