Кыргызстандын мамлекеттик карызы 123 млн. долларга өскөн

2018-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 464 миллион 350 миң долларды түзгөн. Ал эми былтыр 4 миллиард 587 миллион 260 миң долларга жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Өткөн жылы мамлекеттик карыз ички карыздын эсебинен (көпчүлүк бөлүгү) 122 миллион 910 миң долларга өстү. Мындай тыянакка Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарга көз жүгүртүү менен келсе болот.

Карабаева: Улуттук банк жыл башынан бери 58 млн. доллар сатты
2018-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 464 миллион 350 миң долларды түзгөн. Ал эми 2019-жылдын аягында 4 миллиард 587 миллион 260 миң долларга жеткен.

Ал эми сырткы карыздын көлөмү 25 миллион долларга көбөйүп, 3 миллиард 850 миллион 730 миң долларды түзгөн. Ички карыз болсо дээрлик 98 миллионго жогорулап 736,5 миллион долларга жеткен.