Куш тумоосу үй канаттууларына келгин куштардан жугат. Бул тууралуу Чыңгыз Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, куш тумоосу 100 жыл мурда Италияда аныкталган.
"Учурда оорулардын түрлөрү абдан көбөйдү. Анын ичинде жаныбарлардын дарттары дагы өсүп жатат. Бул мал ээлеринин жоопкерсиздигинен келип чыгууда. Алар күчтүү антибиотиктерди колундагы малына сайып, вирустар мутацияланып, дарыга туруктуу болуп калууда. Мындан тышкары, товар алмашуунун географиясы кеңейип, саякаттоо күч алды. Натыйжада бир жердеги вирус башка тарапка жайылуу ыктымалдуулугу жогорулап жатат. Мисалы, куш тумоосу мезгилге жараша учуп келген канаттуулардан жуккан. Аталган дарт эбак эле аныкталып, канаттуулар жапырт бул илдетке чалдыгышы 2003-2005-жылдары Кытайда катталган", — деди Романов.
Адис ошондой эле тоңдурулуп ташылган канаттуулардын этинде вирус жакшы сакталарын кошумчалады.