Кумтөр кенинде кызматкер кырсыктап, көлгө түшүп кеткени айтылууда

Маалымат булагынын билдиргенине караганда, ал экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, Петров көлүнө кулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. "Кумтөр" компаниясынын кызматкери оор техника башкарып иштеп жаткан учурда кырсыктагандыгы тууралуу айтылууда. Бул жөнүндө жергиликтүү бийликтеги маалымат булагы кабарлады.

Анын айтымына караганда, окуя 15-февралда болгон.

Кумтөрдөгү кырсык: жоголгон киши, жөнөп кеткен суучулдар. Окуянын чоо-жайы
Дагы башка маалымат булагынын билдиргенине караганда, ал экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, Петров көлүнө кулаган. Анткен менен экскаватордогу жумушчу туурасында так кабар жок.

"Кумтор Голд Компани" ишканасынын маалымат кызматынан бул боюнча комментарийди расмий түрдө беришерин айтышты.

Оор техниканын көлдүн ичине түшүп кетип, компания кызматкери жок болуп жаткандыгын ӨКМдин жетекчисинин орун басары Калыс Ахматов тастыктады.

"Анын каза болгону же тирүү калганы туурасында айта албайбыз, бирок табылбай жатканы чын. "Кумтөрдүн" куткаруучулары менен кызматкерлери аны издеп жатышат. Биздин суучулдар кенге түндө чыгып кетет", — деди ал.

Эске салсак, буга чейин да 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жок болгон. Кийин издөө иштери натыйжасын берген эмес.