15-февраль — афганчылар үчүн кайгы менен кубаныч аралашкан күн. Бул күнү алар жоокерлерге, согушта курман болгондорго арналган эстеликке таазим кылган соң бири-бири менен кучакташып, аманчылыгына сүйүнүшөт. Согушка кеткен 7000ден ашуун кыргызстандык жоокердин 254ү курман болуп, бир жарым миңдейи ар түрдүү жаракат алган. 600гө жакыны майып болуп кайткан. Эки кыргызстандык аскерге "Советтер Союзунун баатыры" наамы берилген. Кайтып келгендери Афган согушунда алган психологиялык стресстен ("афган синдрому") улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калды.
Биз бул күндү согуш отун кечип келген жоокерлердин башынан өткөргөн, жүрөк титиреткен түркүн окуялары менен эстөөнү туура көрдүк.
Өмүрбек Раимбабаев: "Афгандык кыргыздар бизди пир тутчу"
— 1982-жылы Баглан шаарында, жергиликтүү элден сураштырып отуруп, 50 жаштан өтүп калган бир кыргызды таптым. Ал калаанын ичинде бир кичинекей дүкөндүн ээси экен. Тилекке каршы, атын унутуп калдым.
1983-жылы кеч күздө аскердик кызматымды өтөп бүтүп, кетер алдында кайра жолуктум. Ал ата-энем, бир туугандарыма белек даярдап коюптур. Ошол маалда Союзда дефицит болгон бир нече япон жоолук, бир көйнөк, эки жинсы шым берди. Коштошуп жаткан учурда чөгөлөп тиземди кучактап, "Ата Мекенге салам айта бар" деп аябай ыйлады. Мен да аны кучактап шолоктоп ыйладым. Канча жыл өтсө да ошол афгандык боордошумду эстеген сайын зээним кейийт...
Александр Дмитриев: "Афганистандан алып келген байлыгым он чакты сүрөт"
— Согушта ар бир мүнөт менен күндү аябай баалайсың. Себеби ал жерде бир мүнөттөн кийин эмне болоруңду билбейсиң. Ошон үчүн Афганистанда аскердик кызматыбызды өтөп жүргөн учурда бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөргөнгө аракет кылчубуз. Эки ирет жаңы жыл тосконубуз жана башка майрамдарды белгилегенибиз эсимде калды. 1982-жылды Меймене шаарында жана 1983-жылды Панджшер капчыгайында бүт рота чогулуп дасторкон жайып тосуп алганбыз. Ашпозчуларыбыз түрлөп тамак жасашкан. Чала жан гитарабыз бар эле, аны менен ырдай ала тургандар ырдадык. Бишкектик полчаныбыз Сергей Якиманский жарадар болуп, эмгек өргүүгө Кыргызстанга барып фотоапппарат алып келген. Анын фотоаппараты менен Панджшер капчыгайында сүрөткө түшкөнбүз. Андан башка жерде түшкөн сүрөтүбүз жок. Афганистандан алып келген байлыгым ошол он чакты сүрөт болду.
Туратбек Жумабеков: "Командирим мен үчүн периште болду"
— 1981-жылы ноябрь айында Пули-Хумри шаарынын жанында автоколоннаны коштоп бара жаткан учурда моджахеддер кол салып, жолдун эки жагынан аткылап жатышты. Автоколоннаны коргош үчүн машинанын үстүнө орнотулган зениткадан улуту орус жолдошубуз Ефимов моджахеддерди көздөй ок чыгара баштады. Аты эсимде жок, Ефим деп койчубуз. Бул зенитканы Советтик Армияда эркелетип зушка дешээр эле. Салгылаш күчөдү. Бир убакта Ефим огу түгөнгөнүн айтты. Теги украин командирибиз, ага лейтенант Александр Седун машинадагы замбиректи октоп көмөк көрсөткүлө деп мага жана литвалык аскерге (анын да аты эсимде жок, Рыжий деп койчубуз) команда берди. Зушканы октоп берип, машинага кайра секирейин деп жатканда бутума ок тийди. Баса албай, жыгылып, түшкөнгө аракет кылдым., бирок күчүм жетпей койду. Боортоктоп жылып машинанын кузовунун бурчуна жашына баштадым. Айлам кеткенде "жардам бергиле!" деп кыйкырдым. Согушкерлер окту мөндүрдөй жаадыргандыктан, эч кимиси жакындай албай койду. Буга карабастан командирим Седун машинанын бир бурчуна жүгүрүп келип, өзү жакка жылып келишимди айтты. Эптеп боортоктоп бардым, Александр мени артына көтөргөн бойдон жүгүрүп, коопсуз жерге жеткизип, ооруну басчу укол сайды. Ошондо Улуу Ата Мекендик согуш учурунда офицерлер салгылаш жүрүп жаткан талаадан оор жарадар болгон жоокерлерин алып чыкканын көрсөткөн көркөм тасмалар эсиме келди. Чынында эле командирим мен үчүн периште болду.
Кубатбек Доолокеев: "Досум Бактыбек баласын Кунар деп атады"
— 1982-жылы май айынын башында Кунар аймагындагы капчыгайда ротабыз моджахеддердин буктурмасына кабылды. Үч күн курчоодо согуштук. Күндүзү бир аз тынч болот. Ал эми түн ичинде булардын чабуулу күчөйт. Үчүнчү күнү ичиме ок тийип, оор жарадар болдум. Мен жардам сурап кыйкырганда, мага көмөк көрсөткөнү жүгүрүп келе жаткан кыргызстандык Бактыбек Абдыкадыров досума да ок тийип кулады. Бир аз убакыттан кийин полчандарыбыз экөөбүздү алып чыгып кетишти. Түн киргенде алар бизди бушлатка салып, бир сааттын ичинде араң ылдый жакка түшүрдү.
Жаныбек Бакиров: "Баатырга таяк да жарак"
— 1982-жылы 10-декабрда биздин рота Саланг ашуусунун жанындагы Саядан кыштагына кирип, моджахеддердин курчоосунда калдык. Ал эми артыбызда келе жаткан минометчиктердин ротасын дагы согушкерлер аткылап жатып токтотушту. Алар бизге жардам бере албай калып, беш жолдошубуз окко учту. Кыргызстандык минометчик Сабыр Анарбаев минометтун астына салына турчу калканга окшош калың темирди аркасына тагынып алып, жааган октон коргонот. Бул темирден ок өтпөгөнүн башка жердешибиз минометчик Сагын Тешебаев байкайт. Ал Сабырга калканың менен октон далдоо болуп бер, ушундан пайдаланып минометту орнотуп, моджахеддерди аткылап полчандарыбызды курчоодон алып чыгалы дейт. Ошентип Анарбаев калканы менен октон калкалап жаткан учурда Тешебаев менен теги тажикстандык өзбек Аваниязов Тукташ соймолоп, боортоктоп, тизелеп жүрүп минометту орнотушат да тура калып согушкерлерди аткылай баштайт. Булардын мындай аракетин көргөн моджахеддер аларга ок чыгара баштаганда эле кайрадан Сабыр калканы менен жардамга келет. Ошол учурда кыштактан биздин ротанын жоокерлери рация боюнча Сагынга снарядды кайсы жерге мээлөө керектигин айтып, багыт берип турушат. Аваниязов менен Тешебаев минометтон аткылап, моджахеддерди бизден алагды кылат. Мындан сырткары, алар минометтон согушкерлерди түтүн чыгарчу бир нече снаряддар менен атат. Ушул түтүндөн пайдаланып ротабыз курчоодон чыгып кетти. Сабыр, Сагын жана Тукташтын жасаган эрдигин көрүп, элибиздин "баатырга таяк да жарак" деген макалы эсиме түштү.
Аскарбек Үмөтбаев: "Кандуу майдандан Союзга “Кара жоогазын” алып келгенимди эч качан унутпайм"
— Афганистандагы кан майданга үч ирет катыштым. Адегенде катардагы жоокер, андан кийин прапорщик болуп бардым. Бул согушта каза болгон жолдошторубуздун сөөгү цинк табытка салынып СССРге жөнөтүлчү. Аны “Кара жоогазын” деп атачубуз. Мен үчүн эң оор нерсе “Кара жоогазынды” коштоп үйүнө алып баруу болду. Баш-аягы Афганистанда курман болгон жолдошторумду СССРге сегиз жолу алып келдим. Алардын ата-энеси менен бир туугандарынын сөөктү тосуп алгандагы ыйын укканда жүрөгүм жарылып кете жаздачу.
Владимир Славский: "Баатырдык билекте эмес, жүрөктө"
— 1987-1988-жылдары Афганистанда батальондун командири болдум. Согушта адамдын жакшы-жаман сапаттары билинет. Бир ирет бир операцияда батальонумдун бир ротасы капчыгайдын ичинде моджахеддердин курчоосунда калды. Мен башка капчыгайда элем, алар менен байланыш үзүлүп, ротага артиллерия менен авиациялык жактан көмөк көрсөтө албай калдым. Салгылашта байланыш үзүлсө, бул өлүм деген сөз. Байланышты камсыздоо үчүн бир нече жоокерлерди тоонун чокусуна жибердим. Булардын арасында сержант Мальков бар болчу. Тилекке каршы, аты эсимде жок. Тоонун кыркасына чыгып мага курчоодо калган рота менен байланышты камсыздай баштады. Башкача айтканда, тирүү ретранслятор болду. Бирок согушкерлер аны байкап калып, ага окту мөндүрдөй жаадырышкан. Үч жолу жарадар болгонуна карабай Мальков байланышты камсыздап берди. Анын эрдиги менен рота аман калды. Мындай каармандыгы үчүн жоокеримди “Кызыл Туу” орденине сунуштагам. Ошондо маршал Георгий Жуковдун: “Ушундай сержанттар (аскерлер) менен бирдикте фашисттик Германияны жеңдим”, — деп айтканы эсиме түштү.
Болот Мамбеталиев: "Танкисттердин жарымы кыргызстандык болуп чыкты"
— Адистигим боюнча аскердик учкучмун. Афганистандагы кан майданда үч жыл салгылаштым. СССРдин коргоо министринин буйругу боюнча учкучтар бул согушта бир жыл гана кызмат өтөп, кайра Союзга кайтышчу. Аскердик учкучтардын жумушу абдан оор болгондуктан, жетекчилик ушундай чечим кабыл алган. Акыркы жолу Афганистанга барган учурда №33860 аскердик бөлүктүн командири болдум. Согушта эң кубанычтуу нерсе жердештериң менен жолугушуу эле. Бир ирет Кундуз аймагына фельдбайланыштын прапорщигин алып бараткам. Бул кызматкерлер мамлекеттик өтө жашыруун документтерди ташыйт. Самолеттон прапорщик экөөбүз кыргыз экенибизди билгенде, абдан сүйүндүк. Ал кандашым прапорщик Чолпонбек Беккелдиев экен. Экинчи жолу Кабул шаарына жыйынга бара жаткан учурда жолдун боюнда танктардан турган колоннаны көрүп калдым. Колоннанын жанына келип бир танкисттен кайсыл жерден экендигин сурасам, кыргызстандыкмын деди. Ошол эле маалда жогоруда айтылган жердешибиз "танкисттердин жарымы Кыргызстандан" деди. Анын бул сөзүн укканда абдан сүйүндүм. Убакыт тар болгондуктан, алар менен токтоп сүйлөшө алган жокмун. Ошондуктан колоннанын жанынан өтүп бара жаткан учурда Кыргызстан деп кыйкырсам, жердештерим да мени колдоп Кыргызстан деп кыйкырышты. Бири-бирибизге кол булгалаган бойдон кеттим. Эми сүйүнгөнүмдү айтпа, бул сезимди сөз менен жеткире албайм.
Таалайбек Садыров: "Памир, биз сени багындырдык!"
— 1979-жылы декабрь айынын аягында биздин 860-полк советтик Памир аркылуу Афганистандын Бадахшан аймагына кирүү үчүн маршка чыктык. Бул жортуулдун учурунда ар түрдүү кыйынчылыктарга карабастан, эс алуу маалында саясий иштер боюнча кыргызстандык офицер, досум Азамат Шамырканов, резервисттер Рыспаев жана Зулпукаров агитациялык маалыматтарды берип турушту. Тилекке каршы, бул резервисттердин ысымдары эсимде жок. Мисалы, айта кетсек, алар аскердик баракчалар менен дубал гезиттерди чыгарышчу. Ушул материалдарда кайсы жоокер кандай жакшы сапаттары менен айырмаланганын жазып, чыгарып турду. 1980-жылы январь айынын башында биздин бөлүк Түндүк Афганистандын Бадахшан чөлкөмүнө кирди. Бир аскердик рейддин учурунда Файзабад шаарынан Бахарак өрөөнүнө кетчү жолдо Азамат бир асканын боорун карап жактырат. Себеби, ал жогоруда айтылган аскага эки девиз жазууну чечет. Ал Рыспаев, Зулпукаров менен чогуу тоонун бооруна «Советтик жоокер үчүн эч кандай тоскоолдук бөгөт боло албайт» жана «Памир, биз сени багындырдык!» деген сөздөрдү ак сыр менен жазган. 40 жыл өтсө да бул асканын боорундагы жазылган эки жазуу дагы эле сакталып турат деп Афганистандын Бадахшан аймагына барып келгендер айтып жүрүшөт.
Афган согушу кантип эмнеден улам башталганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуп билсеңиз болот.