Бишкекте афган согушунун катышуучулары курман болгон майдандаштарын эскерди. Сүрөт

Афганистандагы согуштан курман болгондорду алардын полктоштору жана коомчулук эскерди. Бул апаатка Кыргызстандан 7000ге чукул киши чакырылып, 233 жоокер кайтпай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Борбор калаада афган согушунун катышуучулары каза болгон майдандаштарын эскерип, алардын урматына орнотулган мемориалга гүл чамбар коюшту.

Эскерүү Советтик аскерлердин Афганистандан чыккандыгынын 31 жылдыгына арналып, "Ата-Түрк" паркында болду.

Ага миңге жакын ардагерлер, алардын туугандары, мектеп окуучулары жана Бишкектеги райондук акимчиликтердин өкүлдөрү катышты. Согуш талаасында курман болгондорду бир мүнөт үндөбөй эскеришти.

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова апааттын 1989-жылы февралда аяктагандыгын эскерди.

"Ошентип тогуз жылга созулган согуш аяктады. Ал аймакка 620 миң аскер чакырылып, алардын ичинен 15 миңи кайтпай калды. Кыргызстандан кеткен 7 миңден ашуун жоокердин 300гө чукулу Афганистанда курман болду", — деди ал.

Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны
Улуттук гвардиянын Ардак кароолу мемориалга гүл чамбар коюп, траурдук салют атты. Андан соң ардагерлер жана эскерүүгө келгендер эстеликке гүл койду. Полктоштор ошол кездеги мезгилин, жаштык кездерин, согуштук учурларын эстешти.

Бул апаатка Кыргызстандан 7000ге чукул киши чакырылып, 233 жоокер кайтпай калган. 1500гө чукул аскер ар кыл жаракаттарды алышкан.