Жергиликтүү бийликке бейтапканаларды каржылоого укук берүү мыйзамы сунушталды

Депутаттын айтымында, жергиликтүү бийлик спортко, маданиятка, укук коргоочуларга, ӨКМге акча бөлүүгө укуктуу, бирок саламаттыкты сактоо тармагы четте калган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков жергиликтүү бийликке өз аймагындагы медициналык мекемелерди каржылоого уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Жергиликтүү бийликке бейтапканаларды каржылоого укук берүү мыйзамы сунушталды

Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Турусбековдун айтымында, бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик мүмкүнчүлүгү болсо дагы бейтапканаларга жардам бере албайт. Мындан улам аларга мыйзамдуу түрдө укук берүү шарт.

"Республикалык маанидеги Бишкек, Ош шаарларында мэрия шаардык кеңештин чечими менен ооруканаларга жабдуу алууга, дарыгерлерге кошумча маяна берүүгө каражат бере алат. Бирок ошол сыяктуу эле дарыгерлер Нарында, Ак-Сууда, Баткенде, Таласта деле иштейт да. Биз "сөзсүз түрдө акча бөлүнсүн" деп милдеттендирген жокпуз. Болгону укук берип жатабыз. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктү активдүү колдонууга да шарт түзүлөт", — деди Турусбеков.

Ошондой эле депутат жергиликтүү бийлик спортко, маданиятка, укук коргоочуларга, ӨКМге акча бөлүүгө укуктуу экенин, бирок саламаттыкты сактоо тармагы каралбай калганын белгиледи.

Министрлик: мыйзамга дарыгерлерди коргогон норма киргизүү пландалууда
"Мэрия, акимчилик, айыл өкмөт кайсы бир долбоордон үнөмдөлгөн же кошумча каражаттын эсебинен көмөк көрсөтө алат. Мисалы, бир бейтапкананын чатырын алмаштырып, ажатканасын оңдоп же линолеум алып берет. Болбосо мугалимдерге кошумча маяна берет. Эгер азыр ушундай иш жасаса Эсеп палатасы текшерип, "бюджетти максатсыз пайдаланды" деп кине коёт", — деди эл өкүлү.

Соңунда Турусбеков өкмөт быйыл 40 айыл өкмөттү дотациядан чыгарууну пландап жатканын белгилеп, демек, алар да медициналык мекемелерге каралашууга чамасы жетип каларын кошумчалады.