Үйдүн дубалына кептелип... Бишкекте кырсыктаган унаанын сүрөтү

Күбөнүн айтымында, каза тапкандар жок, бирок жабыркагандар бар. Тез жардам кызматы эки адамды алып кеткен. Кырсыктын себептери такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкекте Ворошилов менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 21.20 чамасында жеңил унаа кырсыктап, капталынан кулап калган.

Күбөнүн айтымында, каза тапкандар жок, бирок жабыркагандар бар. Тез жардам кызматы эки адамды алып кеткен.

Үйдүн дубалына кептелип... Бишкекте кырсыктаган унаанын сүрөтү

Милиция кырсык болгонун тастыктап, жерине ЖКККББнын өкүлдөрү жөнөп кеткенин маалымдады.

Күбө билдиргендей, автоунаа Лермонтов көчөсүндөгү чуңкурга кирип, тоголонуп кеткен.

Кырсыктын себептери такталууда.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктарЖаңылыктарКыргызстанОкуяларБишкекавтоунаажол кырсык