Назарбаевдин небересинин чуу түшүргөн билдирүүсү боюнча казак бийлиги үн катты

Мурдагы президенттин небереси өлкө жетекчилигин коррупцияга күнөөлөп, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултандын Facebook социалдык баракчасындагы резонанс жараткан билдирүүсү белгилүү бир адамдардын таасиринен улам эле жазылган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Даурен Абаев билдиргенин РИА Новости жазды.

Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары
Билдирмеге ылайык, Айсултан Назарбаев 13-февраль күнү Facebook баракчасына Улуу Британиядан саясий башпаанек сурап билдирүү жазган. Ал өлкө жетекчилигин коррупцияга күнөөлөп, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын билдирген.

Айсултан Назарбаевдин бул жазгандары боюнча Абаев “Хабар” телеканалынын “Ачык диалог” программасына маек берип жатып буларды айтты.

"Баңгизаттан дарыланып жаткан адамдын айткандарын талкуулаган этикага жатпайт деп эсептейм. Азыркы учурда анын билдирүүлөрү эмес, ден соолугу кооптондурат. Силер айтып жаткан посттор белгилүү бир адамдардын таасири алдында жазылган деп так кесе айта алам”, — деди министр.

Ал Айсултандын атын жана анын азыркы абалын пайдаланган адамдар бар экенин белгилеген.

“Ачыгын айтканда, Айсултан көптөн бери баңгизаттын таасири алдында жүргөн”, — деди Абаев.

Айсултан Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу.