БШК: шайлоого карата каттоого тургандардын саны өсүүдө

Жыйында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2018-2019-жылдары шайлоочулардын саны 300 миңге көбөйгөнүн айтты. 2017-жылкы шайлоодо 3 миллион 25 миң шайлоочу бар болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ош, Каракол жана Токмок шаарларында шаардык кеңештерге шайлоонун алдында добуш берүүчүлөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянып Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) кабарлады.

Эске салсак, 12-апрель күнү бир катар жергиликтүү кеңештерде жана Ош, Каракол, Балыкчы шаардык кеңештерде шайлоо өтөт. Ал эми 14-февраль күнү БШКда алдыдагы шайлоолор боюнча жыйын курулду.

"Мамкаттоо кызматынын маалыматына караганда, Ош, Каракол, Токмок шаарларында расмий каттоого тургандардын саны өскөндүктөн, жалпы шайлоочулардын саны дагы көбөйдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Шайлоону утурлай. Ош шаарына каттоого тургандардын саны 34 миңге көбөйдү
Мунун себебин түшүндүрүү боюнча талкууда адистер аталган шаарларда катталгандардын санынын кескин өсүшү мажбурлоо жолу менен дагы болушу ыктымалдыгын айтып, тиешелүү органдар тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүшү керетиги белгиленди.

Жыйында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2018-2019-жылдары шайлоочулардын саны 300 миңге көбөйгөнүн айтты. 2017-жылкы шайлоодо 3 миллион 25 миң шайлоочу болгон.