Дубалга "чыгып" кептелип калган Nissan. Бишкектеги кырсыктын видео, сүрөттөрү

Nissan автоунаасын айдаган киши Көлбаев көчөсү менен баратканда рулду башкара албай калып, көп кабаттуу үйдү сүзүп, автокөлүк капталынан жатып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбор калаада автоунаа көп кабаттуу тамды сүзүп, үч киши жабыркаганын Кайгуул милициясынын башкармалыгы кабарлады.

Буга чейин "Бишкек сегодня" телеграм каналына окуянын күбөсү Лермонтов — Көлбаев (мурдагы Ворошилов) көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа жолдогу чуңкурдан улам секирип кетип, жакын жайгашкан үйдү сүзгөндүгүн маалымдаган.

Дубалга "чыгып" кептелип калган Nissan. Бишкектеги кырсыктын видео, сүрөттөрү

Кайгуул милициясынан кырсык кечээ кечинде болжол менен саат 22:00дө болгонун айтышты.

"Nissan автоунаасын айдаган киши Көлбаев көчөсү менен баратканда рулду башкара албай калып көп кабаттуу үйдү сүзүп, автокөлүк капталынан жатып калган. Айдоочу ооруканага жеткирилди. Андан сырткары, 29 жана 16 жаштагы эки адам жабыркаган", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Милициядан окуянын чоо-жайы иликтенип жаткандыгын кошумчалашты.