Бишкекте 37 жаштагы аял үч эм төрөдү. Сүрөт

Ымыркайлардын үчөө тең кыз. Буга чейин өкмөт үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берилерин жар салган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бишкекте 37 жаштагы аял үч эм төрөдү. Сүрөт

Маалыматка караганда, 37 жаштагы Ш.Э. аттуу аял 13-февраль күнү операция жолу менен көз жарган.

"Ымыркайлардын үчөө тең кыз", — дешти министрликтен.

Эске салсак, буга чейин өкмөт үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берилерин жар салган.