Баткендин бажы кызматкерлери 4 миллион сомдук контрабандалык товарды кармады

Унаанын айдоочусу бажы кызматкерлерине товардын коштомо документтерин көрсөтө алган эмес. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү аткезчилик менен алып келинген спорттук кийимдердин ири партиясын кармады.

"Баткен" бажысынын кызматкерлери 12-февралда кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан кичи автобусту токтотушкан.

"Унаанын жүк салган жайын ачканда чектеш мамлекеттен бажы мыйзамдарын бузуу менен алынып келе жаткан спорттук кийимдер табылган. Айдоочу товардын коштомо документтерин көрсөтө алган эмес. Товардын наркы — 3,878 миллион сом", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.