Жыл башынан бери Улуттук банк 58 миллион АКШ долларын сатты. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, валюта курсуна соода, өнөктөш өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөр, ички валюта рыногундагы абал жана сезондук фактор өз таасирин тийгизбей койбойт.
"Сомдун курсу түшүп кетет деп учурда кооптоно турган жагдай жок. 2020-жылды эле ала турган болсок, жыл башынан бери Улуттук банк 58 миллион АКШ долларын сатты. Катуу секирик менен башка күчтүү валюталардын өсүп кеткен учуру боло элек. Январдан тарта АКШ долларынын курсу сомго карата 0,5 пайызга гана жогорулады. Бул рыноктогу абалдын туруктуулугунан кабар берет. Валютага болгон суроо-талапты канааттандырууга биздин банктын кудурети жетет", — деди Карабаева.
Ошондой эле ал өлкөнүн эл аралык резервдери 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 2 миллиард 424 миллион АКШ долларын түзүп рекорд койгонун кошумчалады.