Жээнбеков салык декларациясы боюнча жаңы мыйзамды жактырды

Жаңы мыйзамга ылайык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка 17 жаштан жогорку бардык жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 22-январында кабыл алынган.

Ага ылайык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка 17 жаштан жогорку бардык жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырат.

Салык тапшыруу үч этап менен аткарылат. Алар:

Жапаров: аткаминерлердин туугандары да декларация тапшыргыдай болот
2021-жылдан баштап илимий изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, ден соолукту чыңдоо-дарылоо жана аткаруучу-тескөөчү функциялары менен байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка иштер менен алектенген мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын карамагындагы мекеме, уюмдардагы жумушчулар жана кызматкерлер;

Мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда эмгектенгендер. Ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда эмгектенген жумушчулар;

Эл аралык уюмдарда иштегендер;

Өзүнө 300 миң сомдон ашык суммада мал-мүлк алган жеке жактар;

2023-жылдан тарта киреше салыгын төлөгөн жеке жактар;

2025-жылдан баштап бардык жактар.

Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.