Кыргызстандын Футбол федерациясынын аталышы өзгөрдү

Тийиштүү өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-январынан тарта киргизилген. Чечим 39 делегаттын макулдугу менен кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргыз футбол союзу (КФС) болуп өзгөрдү. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мындай өзгөртүү 2020-жылдын 1-январынан тарта киргизилген. Тийиштүү чечим 2019-жылдын 14-ноябрында өткөн кезексиз конференцияда 39 делегаттын макулдугу менен кабыл алынган.

"Өзгөрүүлөр биринчи кезекте юридикалык негизде жүргүзүлгөн. Анткени FIFA жакынкы убакыттан бери өз уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди. Мындан улам буга чейинки "Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы" коомдук бирикмесинин уюштуруу-укуктук формасы эффективдүү болбой калды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз футбол союзу FIFA менен Азия футбол конфедерациясынын толук укуктуу мүчөсү болду.