"Тегин" сөзүн фамилияга кошууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталды

Эл өкүлүнүн айтымында, жарандар фамилиясын "ов", "ова", "уулу", "кызы" же "тегин" деп жазабы, өздөрү тандашы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жарандар өздүгүн тастыктаган документ алууда фамилиясына "тегин" сөзүн кошуп жазууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталды.

Бүгүн, 13-февралда, парламентте "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Демилгечи депутат Исхак Пирматов жарандар фамилиясын өзү каалагандай жазууга жол берүү керектигин белгиледи.

"Бир стандартка алып келгенибиз туура эмес болуп калат. Жарандар фамилиясын "ов", "ова", "уулу", "кызы" же "тегин" деп жазабы, өздөрү тандашы керек. Азыркы мыйзамдарда чектелип калган. Бул жерде кыргыздын үрп-адатын дагы эске алдык", — деди Пирматов.

Талкуу учурунда "Эгер фамилияга "тегин" деген сөз кошулуп жазылса, ЕАЭБдин ичинде же башка өлкөлөрдө көйгөй жаралбайбы?" деген суроо узатылды. Буга жооп берген Пирматов бул мамлекеттин ички мыйзамдары экенин белгилеп, маселе жаралбай турганын кошумчалады.