БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
"Сауле Мейрманова эки күн мурда иштен кетүү боюнча арыз жазган. Эртең, 14-февралда, мэр анын берген арызына кол коёт", — деди Түлөбаев.
Ал ошондой эле башкармалыкты Мейрманованын орун басары Наталья Никифирова убактылуу жетектеп турарын билдирди. Ал эми жаңы жетекчи конкурстун негизинде тандалат.
Эске салсак, буга чейин Балбак Түлөбаев Билим берүү башкармалыгын Мейрманова жетектеп турган маалда көйгөйлөр топтолуп, бирок чечилбей жатканын айткан. Ал ошондой эле жетекчиге иштен кетүүнү сунуштаган.