Аламүдүндө эмерек цехинен чыккан өрттү алты саатта өчүрүштү. Сүрөт

Өрт кечээ саат 18.30дар чамасында Аламүдүн айылынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан эмерек жасоочу цехтен чыккан. Тилсиз жоо толугу менен саат 00.10до өчүрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Аламүдүн айылындагы эмерек цехинен чыккан өрт менен куткаруучулар дээрлик алты сааттай күрөштү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрт кечээ саат 18.30дар чамасында Аламүдүн айылынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан эмерек жасоочу цехтен чыккан.

Тилсиз жоо толугу менен саат 00.10до өчүрүлдү.

Өрт жалмап кеткен жердин аянты 800 чарчы метр. Себептери такталууда.