Казакстанга өткөрчү "Ак-Жол " бекети жыл аягына чейин жабылмай болду

Кыргызстан менен Казакстан бир убакта "Акжол" жана "Кордай" көзөмөл бекеттеринде оңдоо иштерин аткарат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. 2020-жылдын 20-февралынан тарта "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекети транспорттун бардык түрү үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара көзөмөл башкы башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жамбиев билдирди.

"Аталган бекеттен жөө адамдар өтө алышат. Болгону иш режими өзгөртүлөт — 6.00дөн 24.00гө чейин. Ал эми транспорттун бардык түрү "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Токмок" жана "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү бекеттерине жөнөтүлөт", — деди Жамбиев.

Ремонт иштерин 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. 

Жамбиевдин айтымында, оңдоо иштеринен кийин паспорт текшерген кабиналардын саны көбөйөт. Ар бир багыт үчүн төрттөн тилке даярдалат. Ошондой эле күтүү залы ачылат (баласы бар аялдар үчүн дагы ылайыкталат).

Көзөмөл бекетине оңдоо иштерин жүргүзүү чечими Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон сапарында чечилген.