Баары эле "белек" сурашат! Ишкерлер эмнеге нааразы экенин айтышты

Ушу тапта өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтүүдө. Төрагасы — президент.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк банктын жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, ар бир үчүнчү атамекендик компаниядан "белек" сурашат. Бул тууралуу Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүүчү комитеттин жетекчисинин орун басары Аскар Сыдыков билдирди.

Сыдыков аталган комитеттин жыйынында сүйлөп жатып, Бүткүл дүйнөлүк банк атамекендик ишканалардын көбүнөн сурамжылоо жүргүзгөнүн айтты.

"Ар бир үчүнчү атамекендик компаниядан текшерүүчү органдар пара же "белек" сурайт. Курулуш тармагындагы ар бир экинчи компания да дал ушундай кырдаалга туш болот", — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал рейтингдердеги Кыргызстандын ээлеген орду тууралуу маалымат берди. Бийликке ишеним боюнча рейтингде Кыргызстандын көрсөткүчү 27 пайызды түзөт. Орточо көрсөткүч менен алганда 41 пайыз. Мындан сырткары, Сыдыков 2017-2018-жылдары инвестиция 2,5 пайызга гана көбүрөөк киргенин кошумчалаган.

Эл даттангандан кийин Салык кызматынын 58 кызматкери жазаланды
"Аймактарда да сурамжылоо жүргүздүк. Анда маалым болгондой, ишкерлер мамлекеттин өгөй баласындай. Аларды баары урушат, талап кылышат. Ишкерлерди коргоп, колдогон бирөө жок", — деди ал.

Комитет жетекчисинин орун басары слайддан баланын тартылган сүрөтүн көрсөтүп: "Ишкерлик ушул баладай, үстүндө кийими жок, байкуш", - деп айтты.

Ал эгер бул көйгөйлөрдү чечпесе, анда өлкөгө инвестиция кирбей, ишкерлик көлөкөдө калып калат деп боолголоду.