Майрам Акаеванын Кыргызстанга келген-келбегени такталды

Аскар Акаевдин уулу Айдар 5-февраль күнү эртең менен Москва шаарында каза таап, сөөгү 8-февраль күнү ошол жакта жерге берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева өлкөгө келген жок. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакын адамы, коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева билдирди.

Белгилей кетсек, ушу тапта социалдык тармактарда Акаеванын Бишкекке учуп келгени боюнча маалыматтар тарап жатат.

Анын айтымында, ушу тапта Акаевдер толугу менен Москва шаарында.

"11-февралда Айдар Акаевдин жетилиги өттү. Мен бүгүн эртең менен Бишкекке учуп келдим. Майрам Акаева келген жок, келди деген маалыматтар жалган", — деди ал.

Майрам Акаеванын Кыргызстанга келбегенин Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарынан да тастыкташты.