Финполдун кызматкери кармалды. Ал коррупциялык схеманы түзгөн деп шектелүүдө

УКМКдан Финансы полициясынын кызматкери товарларды алып кирүүдө жалгыз иштей алмак эмес дешти. Ал 2018-жылы кызматынан убактылуу четтеген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта иштеген киши атайын ойлонуп чыккан коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Кыргызстанга Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдөн келген товар салык жана төлөмсүз кирип турган.

Финполдун бул кызматкери аталган кызматтын Чүй облусундагы Аламүдүн жана Ысык-Атадагы райондор аралык бөлүмүндө иштегендиги белгилүү болду.

"Ал кызыкчылыгы туура келген бир нече адамдар менен биригип алып, Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 127 миллион сомдук товар О.у. С. жана А.у.Д. деп документ толтурулган адамдарга келип түшкөн. Бул суммадан төлөм түшсө, ал 15 миллион сомдон ашык болмок. Ошентип мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Транспорт министринин орун басары камакка алынды
Аны менен катар эле маалыматта Финполдун ал кызматкери Интерполдун эл аралык издөөсүнө алынган BMW X5 автоунаасын айдап жүргөнү айтылат.

УКМКдан 2018-жылдын ноябрь айында Финпол жогоруда белгиленген кылмыштары үчүн аталган кишинин кызматтан четтетилгенин кабарлады. А.у. Д аттуу адамга жана башкаларга салык төлөөдөн баш тартканы үчүн сотко чейинки кылмыш иши козголгондугун кошумча билдиришти.

Финполдун бул кызматкери Октябрь райсотунун чечими менен эки айга УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.