Бишкекте күйүүчү май сакталган жай өрттөнүп жатат. Видео

Өрттү өчүрүүгө саат 20:41де биринчи автоунаа чыгып кеткен. Учурда төрт өрт өчүрүүчү бригада иштөөдө.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күйүүчү май сакталган жай өрттөнүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өрт болжол менен кечки саат 20.30да башталган. Өрттү өчүрүүгө саат 20:41де биринчи бригада чыгып кеткен. Учурда төрт өрт өчүрүүчү унаа менен жалынды чектеп жатканы айтылат.

Кошумча маалымат берилет.