Мадумаров галстук тагынбаган мугалимдерди зекигенине түшүндүрмө берди

Депутат Мадумаровдон "вице-премьер болуп калсаңыз галстугу жок министрлерди да урушасызбы?" деп сурады.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Вице-премьерликке сунушталып жаткан Акрам Мадумаров Баткенде мугалимдерди галстук тагынбаганы үчүн зекигенине түшүндүрмө берди.

Учурда Мадумаровдун талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында каралууда.

Анда депутат Дастан Бекешев галстугу жок мугалимдерди урушкан видео чыкканын белгилеп, "вице-премьер болуп калсаңыз галстугу жок министрлерди да урушасызбы?" деп сурады.

Мадумаров ал окуя башкача өңүттө тарап кеткенин айтып, мугалимдерди сыйлай турганын билдирди.

"Ал институттун биринчи маселеси материалдык-техникалык базасы болчу. Ошол окуу жайда негизинен карапайым элдин балдары окуйт. Институт Ош эмес, Бишкектеги окуу жайлардын базасынын деңгээлиндегидей болушу керек деген максатта сын пикир айткам. Анан кандайдыр бир багыттап койгон нук менен кетсе керек. Мен өзүм да төрт жыл студенттерге сабак бергем. Мугалимдерге урмат-сый менен мамиле кылам. Кадамжайда аким жана Баткен облусунда иштеп жатканда билим берүүнү биринчи орунга койдум. Эң негизги максат студенттерге шарт түзүп берүү болчу", — деди Мадумаров.

Андан соң Бекешев биринчи кезекте адамдын билими менен интеллектисине маани берип, кийимин кийинки орунга коюу керектигин белгиледи.

Өкмөт кутуруп кетти! Момбековдун ызаланып, президентке кайрылган видеосу
Белгилей кетсек, 23-январда Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыядагы педагогикалык институттун мугалимдерин галстук тагынбаганы үчүн зекиген видеосу тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. Ал кечээ өз ыктыяры менен арыз жазып кеткен Жеңиш Разаковдун ордуна көрсөтүлүүдө. Бүгүн анын талапкерлигин парламенттин көпчүлүк коалициясы жана тармактык комитети кезексиз жыйында карап,  колдоп берди.