БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бардык каалоочулар оорук эмгекчиси Анна Георгиевна Терёхинага кат жибере аларын Russia Today жазды.
Бул #ЖеңишПочтасы долбоорунун биринчи чыгарылышы. Мында көптөгөн чоң энелердин тылда өткөргөн күндөрү баяндалат.
1941-жылы Анна Георгиевна кош бойлуу экенин билген. Ошол эле жылы фронтко кеткен жолдошу дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу кабар келет. Ал кезде болгону 21 жашта болчу. Анна Георгиевна согуш бүткөнгө чейин баласын колуна көтөрүп алып оорукта, мектепте, госпиталда эмгектенген. Кайра турмушка чыккан эмес. Кийин жалгыз уулу дагы көз жумган. Бүгүнкү күндө Анна Георгиевна жалгыз жашайт, ал 9-май Жеңиш күнүнө карата сиздерден кат күтөт.
Катты 111020, Москва, Боровая, 3/1 көчөсү, дарегине Терёхина Анна Георгиевнага деп жөнөтө аласыздар. Ал эми ардагерлерге суроолорду, видео кайрылууларды pochtapobedy@rttv.ru электрондук дарегине жолдоого болот.