Согуш ардагерлеринин жөлөк пулун көбөйтүү сунушталууда

Быйылкы жылдын 15-январына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, тылдын эмгекчилери жана согушта курман болгондордун жесирлери 2 076 кишини түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жыл сайын алчу жөлөк пулун 5 миң сомго көтөрүүнү сунуштады. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалыматка караганда, учурда алар төмөнкү суммаларды алып келишет:

Кыргызстанда жумушу жок жарандар канча жөлөк пул алары айтылды
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майып болгондор, Ленинград блокадачылары жана концлагердин жашы жете элек туткундары 15 миң сом (20 миң сомго жеткирүү пландалууда);

Тылдын эмгекчилери, согушта курман болгондордун жесирлери 10 миң сом (20 миң сомго жеткирүү пландалууда);

Быйылкы жылдын 15-январына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, тылдын эмгекчилери жана согушта курман болгондордун жесирлери 2 076 киши.