Коронавируска расмий аталыш берилди

10-декабрга карата маалыматта Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 1016га жетти. Ал эми жалпы жуктуруп алгандардын саны 42 638 болсо, сакайып кеткендер 3996 киши экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кытайда чыккан коронавирус мындан ары расмий түрдө COVID-2019 деп аталмай болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме берип Sputnik радиосу кабарлады.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы келишимге жараша биз жаңы вируска жердин, элдин жана жаныбардын аталышына окшобогон, бирок оңой айтыла турган ысым беришибиз керек эле”, — деп айтылган уюмдун билдирүүсүндө.

Коронавирустун инкубация мезгили 24 күн болушу мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Маалыматка караганда, CO – бул коронавирус, VI – бул вирус, ал эми D илдет дегенди түшүндүрөт.

Эскерте кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.